Өзбекстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 88 кишиге жетти

112

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 5 учур катталып, ооругандарданы саны жалпы 88 адамга жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки учур Фергана облусунда катталса, эки учур – Хорезм облусунда, дагы бир учур – Ташкент шаарында катталган.

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган аглгачкы учур 15-мартта катталган.