Чукул кабар: Кыргызстанда коронавирус жуккан 14 жаңы учур катталды. Жалпы 58

276

Кыргызстанда коронавирус жуккан 14 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алар Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан.

“Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту жуктурган 58 учур аныкталды”, – деп кошумчалады ал.

Алардын ичинен:
-Жалал-Абад облусунда – 27
-Ош облусунда – 26
-Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)
-Баткен облусунда – 1.