УКМК: «The Asia Times» сайты коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан

29

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан сайт боюнча сотко чейинки териштирүү баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-мартта билдирди.

“Коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу жана алдын алуу максатында Интернетте мониторинг жана анализ жүргүзүүдө 25-мартта чындыка дал келбеген маалыматты жарыялап тараткан «The
Asia Times» маалыматтык сайты аныкталды. Бул сайт «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деген аталышта жалган маалымат
таркатып, эл арасында паникалык маанай жараткан” деп билдирди УКМК.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси (Билип туруп жалган маалымат
таратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

26-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 44 экени айтылган, алардын алтоо реанимацияда. Каза болгон учур катталган жок.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.