Токтогазы уулу Бактияр ажы: “Сойкулуктан түшкөн акчага берилген жардамдар арам”

489

-Туура эмес жол менен табылган киреше арам. Мындайды хадисте эмне деп айтаарын, аалым Токтогазы уулу Бактияр ажы түшүндүрүп берди. “Эгер ал жигит чындап эле ошондой сойкулуктан тапкан акчасын Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жумшап жаткан болсо анда ал акчалардын, берип жаткан жардамдарынын баары арам болот”-деди аалым.

Белгилей кетсек, кечээ жакында сойкулук менен киреше тапкан Даниэл Ажиев аттуу жаран “сойкуларды иштетип акча табам. Аллах ыраазычылыгы үчүн аны кайрымдуулукка жумшайм”-деп айткан болчу.

Кыргызстандын 7 облусуна 7 миллион сом кайрымдуулук жумшоону убада кылган порнобарон Ажиев, өзүнүн инстаграм баракачы аркылуу түз эфирге чыгып, кыргыз элин оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. “Кыргыздар силер барыӊар келесоосуӊар, 15 000 сом айлыкка иштеп жүрөсүӊөр. Мен арам болсо дагы акчаны көп табам”-деп айткан.

Анын билдирүү кызуу талкууга алынып, элди ашатып сөккөн Ажиевдин камакка алынышын талап кылгандар болгон. Жыйынтыгында Даниэл Ажиев ИИМ тарабынан 48 саатка камакка алынган. Кармап келүү учурунда “мен бары бир чыгып кетем”-деп милиция кызматкерлерин уят сөздөр менен жемелеп, шылдыӊдаган.