ТИМ: Чет жактан келе албай жаткандарга жардам берилет

140

Кыргызстан чет жактан келе албай жаткан жарандарына жардам берүү жолдорун караштырып жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна 27-мартта Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди:

“Жардам, албетте болот. Бирок бул бир күндө же бир саатта чечиле турган маселе эмес. Республикалык штабга бардык мамлекеттик органдар тартылган. Кандай негизде жардам беребиз, баары макулдашылып, такталып чечилет”.

Дыйканбаев Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана консулдуктары менен байланышта болуп туруу керектигин кошумчалады.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу көптөгөн өлкөлөр чек арасын жаап, аэропорттор ишин убактылуу токтотуп жатат.

Соңку күндөрү Орусиянын айрым шаарларында аэропортто күндөп-түндөп каттам күтүп отурган кыргызстандыктар жүздөп саналып жатканын жана башка өлкөлөрдө да ушундай көйгөй бар экенин “Азаттык” радиосунун угармандары социалдык түйүндөр аркылуу кабарлап жатышат.