Путиндин администрация мүчөсү COVID-19 менен ооруп калды

83

Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация мүчөсү коронавирус жугузуп алганын Кремль билдирди. Бирок ал орус лидери менен түз байланышта болбогонун Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 27-мартта айтты. Ал илдетке кабылган адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

«Коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн бардык тийиштүү санитардык жана эпидемиологиялык чаралар көрүлдү. Ооруп калган адам президент менен байланышта болгон эмес», – деди ал.

Орус бийлиги өлкөдө COVID-19 илдетине кабылган адамдардын саны миңден ашканын билдирди. Үч адам бул оорудан каза тапты.