Ооганстанда он миңдей адам абактан бошотулат

28

Ооганстандын президенти Ашраф Гани коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында камактагы он миңдей адамды эркиндикке чыгарууга буйрук берди.

Бул тууралуу башкы прокурор Фарид Хамиди 26-мартта Кабулдагы басма сөз жыйынында билдирди. Жакынкы он күндүн ичинде негизинен аялдар, жашы жете электер, катуу оорулуулар жана 55 жаштан өткөндөр бошотулат. Буйрукка ылайык, улуттук жана эл аралык коопсуздукка каршы кылмышка баргандар чыгарылбайт.

Учурда ооган өкмөтү «Талибан» кыймылынын камактагы 100дөй мүчөсүн бошотуу тууралуу аталган кыймыл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ооганстанда коронавирус 90дой адамда аныкталды. Анткен менен эксперттер жарандык согушка чулганган бул мамлекетте ооругандардын саны андан көп болушу мүмкүн экенин боолголоп жатышат.