Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү

47

Бүгүн, 27-мартта, президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле региондо коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө маселелери козголду.