COVID-19: Кыргызстанда атайын эсепке 35 миллион сом чогулду

155

Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавируска каршы атайын эсебине түшкөн акчанын жалпы суммасы 25-мартка карата 35 млн 293 миң 891 сомду түздү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Эсеп илдетке каршы күрөшүү иш-чараларын өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алуу үчүн ачылган болчу.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал деп жаткырылгандардын арасынан 34 адам канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды. Мындан тышкары, денеси ысып, коронавирустун белгилери байкалгандыктан ооруканага шектүү катары жаткырылган 122 адамдан 2-3 жолу лабораториялык анализ алынды. Анализи таза чыкса, өзүн жакшы сезсе, үй карантинине чыгарылат. Ал эми оору тастыкталгандардын саны 26-марттын саат 9уна карата 44 адам. Алардын алтоо реанимацияда.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.