Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 60ка жетти

30

25-март саат 23:00гө карата Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 60ка жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Коронавиурс Стамбулдан учуп келген Намангандын тургунунан аныкталган. Учурда ал Наманган жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда.

“26-марттан баштап Наманган бардык транспорт каражаттары үчүн жабылды. Бир гана жүк ташыган унааларга жүрүүгө уруксат берилген”, – деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган алгачкы учур 15-мартта катталган.