Элчилик: Москванын аэропортторунда топтолгон кыргыз жарандары жок

75

26-мартка карата Москванын аэропортторунда топтолгон кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкекке каттамдар белгисиз мөөнөткө токтогондуктан аэропортто отура берүүнүн кереги жоктугу, коронавирус коркунучуна байланыштуу абайлаш керек экендиги айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондон кийин алар Москвада убактылуу жашап жаткан жерине кайра кайтып кетишти.

«Саат 12.00гө карата «Домодедово» жана «Шереметьево» аэропортторунда топтолгон кыргыз жарандары жок.Транзиттик зонадагы кыргызстандыктарга да өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берилди, аларга тамак уюштурулду. Күтүп отургандардын арасында буту оорулуу адам бар экен. Аны Москвадан дарылоо маселеси каралып жатат», деди элчилик.

Ошону менен катар элчилик 27-марттан тартып Орусияда авиакаттамдар толугу бойдон токтогонун кошумчалады.

Элчиликтин кызматкерлери аэропортто түшүндүрүү иштерин Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен чогуу жүргүздү.

25-мартка карата жогорудагы эки аэропортто 92 кыргызстандык Бишкекке каттам күтүп турган.