Кыргызстан Кытайдан коронавируска каршы гумжардам алды

141

Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, жардамды кыргыз тарап 25-мартта Нарындагы “Торугарт” өткөрмө-көзөмөл бекетинен өткөрүп алды.

Кытай тарап медицина кызматкерлерине 10 миң респиратордук бет кап, 100 миң бир жолу колдонуучу бет кап, 1 миң жеке коргонуу каражатын берди. Ошону менен катар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине 10 миң бет кап өткөрүлүп берилди.

26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 44. Алардын алтоо реанимацияда.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.