Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн Валюта фондунан жардам сурады

38

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта фондунан коронавирусту жайылтпоо үчүн Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү сурады. Бул тууралуу президент Жээнбеков Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушууда билдирген.

Өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизчү коркунучу жана аны алдын алуу үчүн финансылык жардам маселеси боюнча сөз жүргөн.

ЭВФтин өкүлү Тигран Погосян учурда чукул жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттары каралып жатканын билдирген. Ал уюмга Кыргызстан чукул жардам алуу боюнча биринчилерден болуп кайрылганын жана жакынкы күндөрү бул маселе ыкчам түрдө караларын кошумчалаган.

Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди. Буга чейин кыргыз бийлиги пандемиядан улам өлкө экономикасы зыянга учурап жатканын кабарлаган.