Коронавирус жугушу мүмкүн деген 122 адамдын анализи таза чыкса коё берилет

37

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал деп жаткырылгандардын арасынан 34 адам канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу 26-мартта Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Мындан тышкары, денеси ысып, коронавирустун белгилери байкалгандыктан ооруканага шектүү катары жаткырылган 122 адамдан 2-3 жолу лабораториялык анализ алынды. Анализи таза чыкса, өзүн жакшы сезсе, үй карантинине чыгарылат.

Ал эми оору тастыкталгандардын саны 26-марттын саат 9уна карата 44 адам. Алардын алтоо реанимацияда.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.