Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилигине Алмазбек Сабырбеков дайындалды

145

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев кызматтан кетип, анын ордуна Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Мындай маалыматты парламенттин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп иштеп келген Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматтан бошотулган. Анын ордуна төраганын буйругу менен аппарат башчы болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалган.

41 жаштагы Сабырбеков 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенген.