Бишкекте дезинфекциялоо иштери жүрүп, бир катар көчөлөр жабылды

194

Бишкектеги көчөлөрдүн жабылышы дезинфекциялоо иштерине байланыштуу болууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Комендатурадан билдиришкендей, дезинфекциялоо иштери аяктагандан кийин көчөлөр ачылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Мадина, Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарларында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.