АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА ЫКТЫЯРДУУ ДАРЫГЕРЛЕР МЕНЕН ИНФЕКЦИЯ ОЧОГУНДА

845

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын коштоосунда ыктыярдуу дарыгерлер тобу инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо жана алмаштыруу үчүн Бишкектен жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жерине реаниматолог жана инфекционист дарыгерлер жөнөп кетишти.

Маалыматка ылайык, аларга жеке коргонуу үчүн керектүү каражаттар берилди жана иш сапар акылары төлөндү. Бул инфекция очогундагы дарыгерлерди колдоо жана алмаштыруу үчүн кеткен биринчи эле топ.- деп жазды Арыба.кж маалымат порталы.

ps: Учурда дүйнөнү дүрбөткөн коронавирус илдети биздин өлкөгө да келип жетти. Бул илдеттин алдын алуу, андан арылуу жаатында өлкө башчысы тарабынан атайын штаб түзүлгөн. Ал штабды вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектеп жатат. Алтынай айым штаб башчысы катары бул илдетке каршы күрөштө буту-бутуна тийбей, үй бетин көрбөй калктын саламаттыгы үчүн болгон күчүн жумшап иштеп жаткан чагы. Албетте, мындай жоопкерчиликти алуунун өзү эрдик эммеспи, түшүнгөн жанга. Адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан зоналарда жүрүүгө көптөрдүн духу жетпесе керек. Мынакей, азыр да жөн жатпай, илдет күч алган аймакка дарыгерлер тобун баштап кеткени мекенчилдик кадам. Үйдө жатып алып баатыр болгон бузукулар, Алтынай Өмүрбекованы сындамыш болууда. Айланайын байболгурлар эгер билсеңер Алтынай айым силедин өмүрүңөр үчүн күрөшүп жатат, андыктан жумурткадан кыр издебей эсиңерге келип, жакшы нерсени тилек кылсаңар боло. Кыскасы, Алтынай Өмүрбековага күч кубат берсин!!!

Булак:ЧЫНДЫК