25-март: Коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок

128

25-марттын эртең мененки саат 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учурлар катталган жок. Бейтаптардын жалпы саны 42 адам бойдон. Бул тууралуу республикалык штабдын 25-марттагы басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.

Бейтаптардын эң кичүүсү бир жашка толо элек ымыркай, эң улуусу 86да экени айтылган.

Оор абалдагы 71 жаштагы эркек бейтап дагы эле реанимацияда, абалы салыштырмалуу орточо оор.

Обсервацияда 24-мартта 2014 адам жатса, 25-мартка карата 585и калды.