#Үйдөball: Үйдө отуруп топ утуп ал

110

Кыргызстандын футбол бирикмеси карантинден улам үйдө отурган футбол сүйүүчүлөрүнүн арасында #Үйдөball сынагын уюштурат.

“Достор, карантинди сактап үйдө болуп, зеригип калсаңыздар керек. Сизге жакшы маанай тартуулоо үчүн инстаграм баракчабызда #Үйдөball сынагын уюштурабыз”, – деп билдирет КР футбол бирикмеси.

Сынактын шарттары:

– @kfu_kg баракчасына жазылыңыз;

– Үй ичинде топту ээлеп, аны видеого жаздырыңыз:

– Видеону өзүңүздүн баракчаңызга жүктөп, @kfu_kg белгилеңиз. Публикациянын текстине #Үйдөball хэштегин кошуп коюңуз;

– Үч досуңузду бул публикациянын алдында белгилеңиз;

– Баракчаңызды 20-апрелге чейин ачык калтырыңыз.

КР футбол бирикмесинен билдиришкендей, жеңүүчүгө Molten Vantaggio V2810 тобу берилет.

“Жеңүүчүнү 20-апрелде random.org аркылуу тандап алабыз. Ийгилик!”, – деп жазган өзүнүн инстаграмдагы баракчасында КР футбол бирикмеси.