Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы COVID-19 менен күрөшүү үчүн колдонууга берилди – Түркиянын элчилиги

186
Türk İşbirliği ve Koordinasyon Ajansı Başkanlığı (TİKA), Türkiye Cumhurbaşkanı Recep Tayyip Erdoğan'ın bugün resmi ziyaretinin başlayacağı Kırgızistan'da, 1992'den bu yana alt yapı, eğitim, sağlık, kültürel iş birliği, iletişim, acil ve insani yardımlar gibi çeşitli alanlarda 761 projeyi hayata geçirdi. ( Nezir Aliyev - Anadolu Ajansı )

Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы COVID-19 менен күрөшүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине колдонууга берилди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

“Глобалдык масштабда COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү жана жапа тырмак аракет кылуу эң негизги маселе болуп саналат. Бул алкакта Бишкек шаарында курулган Түркия-Кыргызстан Достук ооруканасын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн колдонууга берилгендигин маалымдайбыз”, – деп билдирет элчилик.