Кыргызстан Кытайдан кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алат – штаб

138

Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарын, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-мартта 112 500 АКШ долларына ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт.

Буга чейин, Кыргызстанга 22 500 АКШ доллар суммасында ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алынып жеткирилген.

Ал экспресс-тесттерди сатып алуу КР Өкмөтүнүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган.