Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам айыкты

200

Казакстанда коронавирус жуктурган эки адам айыкты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазат.

Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевдин айтымында, айыккан эки жаран эртең ооруканадан чыгарылат.

“Бул биринчи кезекте дарыгерлердин эмгеги”, – дейт Абаев.

Учурда Казакстанда коронавирусту жуктурган 80 учур катталган: Нур-Султанда – 41, Алматыда – 31, Карагандада – 2, Шымкентте – 2, Алматы менен Актөбе облустарында бирден, Жамбылда – 1, Түндүк-Казакстан облусунда 1 учур катталган.