Казакстанда азык-түлүктүн айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынды

22

Казакстанда 15-апрелге чейин бир катар «социалдык маанидеги» товарларды сыртка чыгарууга тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграциялар министри Бахыт Султанов билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр ун, кум шекер, картөшкө, гречка, сабиз, кызылча, пияз жана капустага тиешелүү болот.

«Бул чара калкты зарыл товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүүдө. Жарандар дүкөнгө кирип, каалаган азык-түлүктү жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ болушу керек», — деди министр.

Ушу тапта Казакстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими күчүндө. Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге жабылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 72ге жетти.