Британ ханзаадасы Чарлздан коронавирус табылды

26

Британ тактысынын мураскери, 71 жаштагы ханзаада Чарлз коронавируска чалдыкканы 25-мартта кабарланды. Анын абалы канаттандырарлык экенин ханзадаанын өкүлү билдирди. Чарлздын жубайынан бул вирус табылган эмес. Экөө тең учурда Шотландиядагы үйүндө.

Ханзаада коронавирусту кайдан жугузганы белгисиз. Расмий билдирүүдө ал соңку эки апта ичинде бир катар иш-чараларга катышканы жазылган.

23-мартта Британияда карантин киргизилген. Бул өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 8100дөн ашса, 420дан көп адам көз жумду.