Өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыктар парламентке жөнөтүлдү

56

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 24-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуусунда айтылды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле Кыргызстанда түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.

Жогорудагы аймактарда өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыктарына кол коюлуп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү айтылды.

Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Президент аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар 16 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын сегизи Сузак районунан, бешөө Ноокат районунан, бирөө Баткен районунан, экөө Бишкек шаарынан катталган.