COVID-19: Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз ун таратылууда

84

Коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз ун таратылууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун демилгеси менен Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун жеткирилген. Ун жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн тизме боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз таратылат.

Ошондой эле жеке ишкер Ноокат районунун ооруканасына тез жардам унаасын белек кылган.

“Эмаком” курулуш компаниясынын директору Эмилбек Жусуповдун демилгеси менен Ноокат районунун ооруканасына тез жардам унаасы жана 15 миң медициналык беткапты берилген.