ТИМ: Чет жактан кайта албай жаткан 137 кыргыз жараны Бишкекке жеткирилди

134

Соңку эки күн ичинде Кыргызстан чет мамлекеттерге эс алганы кетип, кайта албай жаткан 137 жаранын алып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 22-23-мартта Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясы менен бирге казак тараптын жардамы менен Шарм-Эл-Шейх (Египет) шаарынан 126 жана Баңкоктон (Таиланд) 11 турист келди.

Казакстандын Алматы эл аралык аэропортуна учуп келген кыргызстандыктар атайын транспорт менен дарыгерлердин коштоосунда Бишкекке жеткирилип, баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда адамдар коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар – алты эркек, сегиз аял. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду.