Тажикстанда карантиндеги шарттарга даттанган жарандар башка имаратка көчүрүлдү

19

Тажикстанда ондогон адам Варбоз капчыгайындагы эс алуу аймагында уюштурулган карантиндин шарттарына даттангандан кийин башка жерге көчүрүлдү. Бул тууралуу «Озоди» радиосу билдирди.

21-мартта Москвадан учуп келип, аталган капчыгайдагы «Зимчуруд» балдар лагерине жайгаштырылган жарандар карантиндеги шарттарды видеого тартып, социалдык түйүндөргө жайгаштырышкан. Алар имарат суук, кир жана бөлмөлөр тар экенин билдиришкен.

Карантиндегилердин айтымында, 22-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү келип, аларды шарттары жакшы башка имараттарга көчүрүшкөн.

21-мартка караган түнү Душанбеге Москва жана Дубай шаарларынан 500дөн ашык адам учуп келип, бардыгы 15 күндүк карантинге алынган.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, февраль айынан 18-мартка чейин чет өлкөлөрдөн учуп келген 1900гө жакын адам эки жумалык карантинге алынган. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктурган адамдар жок экенин билдирүүдө.