Синзо Абэ Олимп оюндары кийинкиге калышы мүмкүн экенин айтты

33

Жапон премьер-министри Синзо Абэ коронавируска байланыштуу жагдайдан улам Токиодогу жайкы Олимп оюндарын баштапкы планга ылайык өткөрүү «мүмкүн болбой» калышы ыктымал экенин билдирди. Ал дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып «дүйнөдө азыр Олимп оюндарын өткөргүдөй абал болбой турат» деп айтты жана Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах менен буга байланыштуу кеңешерин билдирди.

Мунун алдында Канада менен Австралия коронавируска байланыштуу соңку кырдаалдан улам жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тарткан. Торонто Эл аралык Олимпиада комитетине кайрылып, «спорттон да маанилүү саламаттык сактоо тармагы каатчылыкка батып турган чакта» оюндардын мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга чакырган.

Ушул айдын башында Эл аралык Олимпиада комитети «Олимп оюндарынын датасы башка күндөргө жылдырылбайт» деген чечим кабыл алган. Комитет бардык спортчуларды мелдештерге даярдана берүүгө, машыгууну токтотпоого чакырган.

Жапон бийлиги да Олимп оюндарына олуттуу коркунуч жок экенин билдирип келген. Аны уюштуруп өткөрүүгө 12 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган. Олимп оюндары 24-июлдан 9-августка чейин белгиленген.