Помпео Ооганстандагы саясий тирешүүдөн улам Кабулга келди

27

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон менен «Талибан» кыймылынын тынчтык келишимин жүзөгө ашыруу максатында 23-мартта Кабулга келди. Ал ооган президенти Ашраф Гани жана анын башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла менен жолугушат.

Ооганстанда саясий тирешүү ушул айдын башында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин күчөгөн. Анда азыркы президент Ашраф Гани жеңүүчү деп табылган. Бирок анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла 10-мартта жарыша өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, ар кимиси өзүн президент деп жарыялаган.

Помпео бул сапарынын жүрүшүндө саясий туңгуюктан чыгуунун жолдорун талкуулап, оогандардын ич ара диалогун тезирээк баштоого ынандырмакчы.

Майк Помпеонун бул сапарынан так алдында АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзаддын ортомчулугу астында ооган өкмөтү менен талибдер туткун алмашуу тууралуу алгачкы жолу сүйлөшкөн. Халилзад «Скайп» аркылуу болгон сүйлөшүү эки саатка созулганын, тараптар жакынкы күндөрү жолугушарын билдирген. Ал 22-мартта «Твиттердеги» баракчасына «Эки тараптан тең туткундарды бошотуу тынчтык жараянында маанилүү кадам болот» деп жазды.

Өткөн айдын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да алардын туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Ооган өкмөтү тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө жана документке кол коюу жараянына катышкан эмес. Президент Ашраф Гани башында келишимдеги талиб жоочуларын бошотуу тууралуу талапты аткарбай турганын билдирип жаткан.

Кийинчерээк Ашраф Гани 1,5 миң талибди бошотууга, калгандарын «Талибан» менен тынчтыкка жетишип, зомбулук токтогондо өткөрүп берүүгө макул болгон жана атайын буйрук чыгарган. Ага ылайык, 14-марттан тартып күн сайын жүздөн адам коё бериле баштамак.

Бирок 15-мартта ооган өкмөтү туткундарды бошотуу жараяны кийинкиге калганын жарыялаган. Кабул бошотула турган адамдардын тизмесин карап-талдап чыгууга кошумча убакыт керек экенин билдирүүдө.

Ооган түрмөлөрүндө он миңдей талиб жоочусу бар экени айтылган.

«Талибан» согушкерлери бошотулмайынча ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген. Бул куралдуу топ буга чейин деле Ашраф Гани башында турган ооган өкмөтүн «АКШнын тактекеси» деп атап, жолугушуудан баш тартып жүргөн.