Муфтият таажывирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 700 миң сом которду

135

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы таажывируска каршы күрөшүү үчүн жардам катары КР Саламаттык Сактоо министрлигинде ачылган эсепке 700 миң сом которуп берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, аталган акча каражаты айлыктын эсебинен которулган.

Бүгүнкү күндө таажывирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 5 миллион 294 миң 358 сом түшкөн. Азырынча акча сарптала элек.