Министрлик: коронавирус жуккандардын бири реанимацияда

165

Бул тууралуу 23-мартта Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип реанимацияда жатат.

«Эки бейтаптын абалы орточо оор деп бааланган. Бүгүн 1949-жылы туулган эркек киши реанимация бөлүмүнө которулду. Анын оң жак өпкөсү сезгенип, бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Калгандары да тийиштүү дарыларды алып жатат. Алардын абалы канааттандырарлык», – деди Акматова.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар – 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул режим бир айлык мөөнөткө уланат.