Кыргызстанда 1710 адам үй карантинине алынып отурат

133

23-мартка карата Кыргызстанда чет жактан келип, обсервацияга алынгандардын саны 2009 адам. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, үй карантинине 1710 адам алынып турат.

Буга чейин 14 күндүк карантинден 1407 адам өттү.

Коронавирусту аныктоочу тесттен 2451 адам өткөрүлүп, алардын 14үндө бул оору бар экени аныкталды.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда адамдар коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар – 6 эркек, 8 аял. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди.

22-мартта Кыргызстан 5000 экспресс-тест сатып алды. Алар коронавирустун бар-жогун мурдагыдай 5 саатта эмес, 15-20 минута ичинде аныктайт.

Ооруга каршы туруу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, оорунун белгилери (дененин ысышы, кургак жөтөл) жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар эскпресс-тест тапшыра албайт.

Тест-системаларынын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлдү.