Кыргызстанда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

88

Кыргызстанда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө каталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 22-мартта саат 22.01лер чамасында катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек жана Лангар айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.