Кыргызстанда коронавирусту жугузган жаңы учур катталган жок

119

Үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата Кыргызстанда коронавирусту жугузган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Эске салсак, ушул тапта COVID-19 вирусуна менен ооруган адамдардын саны – 14. Алар: 6 – эркек, 8 – аял.

Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталып, 1949-жылкы эркек-бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

Белгилек кетсек, КР саламаттык сактоо министри 18-мартта Кыргызстандан коронавирус жугузган алгачкы үч учур катталгандыгы тууралуу маалымдаган болчу.