“Жаны татуу” Исабеков неге наалыды?

256

 Дүйнө жүзү  коронавирус илдетинен  үрөйү учуп “жакаларын кармап” жатса, Кубанычбек  Исабеков  деген экс депутат  сорой  “ “Манас” аэропортунан бийликтегилерден аким менен ӨКМ тосуп алып, биз менен 50 метр алыстан сүйлөп жатышты” –деп  каңырыгы түтөптүр.  Кыязы  Кубанычбек мырза кыялында өкмөт башчы өзү барып, “өбүшүп”  “тосуп алат”- деп ойлогонбу?!  Түшүнгөн адам үчүн,  Коопсуздукту сактап 50  метр аралыктан  сүйлөшкөнү үчүн ошол  аким менен ӨКМ кызматкерине алкыш айтыш керек. Ошол эле учурда, элдин  саламаттыгын ойлобой  “саякатчы бака” болуп жүргөн  Исабековго окшогондорду, илдет бир жаңсыл болгончо Кыргызстанга  киргизбей турса да жарашмак.  Андан ары “комфортко” көнүп калган кайран экс депутат   аларды жергиликтүү  лицейдин  имаратына  жайгаштырганын айтып  даттанып  журналисттерге  маек берүүгө да үлгүргөн экен. Ушундан улам “Исабековдун жаны башкалардан артык окшойт” –деген күдүк ойдо калдык.  Анткени  23-мартка карата Кыргызстанда чет жактан келип, обсервацияга алынгандардын саны 2009 адам.  Алардын баары  кырдаалды туура түшүнүп наалыбай эле, тескерисинче өкмөткө рахмат айтып  жатат. Андан көрө экс депутат керт башынын камын көрбөй,  башка ишкерлерден,  аткаминерлерден  үлгү алып   эл кыйналып турганда  колдон келген жарамын бербейби?   Исабеков деле, угушубузга караганда  Кыргызстандагы орто байлардын катарына кирет.   Кой  Куке   наалыба,  наалый берсең эрте карыйсың!