БУУ коронавируска каршы күрөш боюнча глобалдык фонд түзөт

44

Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Норвегиянын сунушу менен коронавируска каршы күрөш боюнча атайын фонд түзүлөт. Анын максаты өнүгүп келе жаткан, саламаттык сактоо тармагы чабал өлкөлөрдүн өпкөнү сезгенткен илдетке жана анын кесепетине каршы турушуна жардам берүү болуп саналат.

Норвегиянын тышкы иштер министри Ине Эриксен Сөрейде мындай фонд түзүүнү сунуш кылып жатып, 2014-жылы БУУда Ебола вирусуна каршы фонд түзүлгөнүн эске салды. Бирок Осло жаңы фондго канчалык колдоо көрсөтө аларын азырынча билдирген жок.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш өткөн аптада колунда бар өлкөлөрдү өз жарандарын гана ойлобостон, каатчылыкка кептелген, чабак өлкөлөргө да кол кабыш кылууга чакырган.

«Reuters» маалымат агентиги билдиргендей, дүйнө жүзүндө 340 миңдей адам коронавирус жугузуп алды. Оору 14,5 миңден көп кишинин өмүрүн жалмады. Ажал тапкан адамдардын саны боюнча Италия оору биринчи чыккан Кытайды басып өттү.