Асрандиев: Өлкөдө азык-түлүк жетиштүү, кооптонууга эч кандай негиз жок

56

Кыргызстанда азык-түлүк продукциясы жетиштүү. Кооптонуунун кереги жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, республиканын айрым жерлеринде коронавирус илдетинин өлкө кириши менен паника жаралып, тургундар азык-түлүктү көп өлчөмдө сатып ала баштаган. “Ошого байланыштуу кээ бир райондордо ун, майлардын саны азайып кеткен. Бирок, бүгүнкү күндө бул маселелер чечилди. Азык-түлүк жетиштүү, бул боюнча кооптонууга эч кандай негиз жок”,- деди ал.

Ал билдиргендей, айрым продукцияларга болгон баалар 1ден 3 пайызга чейин өстү.

“Башында кээ бир азыктарга баалар бир топ көтөрүлүп кеткен. Мындай көтөрүүлөргө негиз жок эле. Бул спикуляция болуп саналат. Мурда ун 1400 сомдон сатылып келсе, 2 миңге чейин көтөрүп жиберген учурлар катталды. Бирок, биз Финполициясынын ошондой эле жергиликтүү бийликтердин күчү менен мындай учурларды токтотуп, чараларды көрдүк. Бүгүнкү күндө мындай учурлар катталган жок. Бирок, ошол эле учурда кээ бир позициялар боюнча баалар 1ден 3 пайызга чейин өстү. Бул биринчиден жалпы эле экономикалык абалга байланыштуу, экинчиден доллардын өсүүсү таасир этүүдө ”,- деп кошумчалады Асрандиев.