COVID-19: Сузак районунун Бостон айылынын көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери башталды

48

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бостон айылынын ички көчөлөрүн дезинфекциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-марттан тарта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 14кө жетти.