ЧЫНЫГЫ ЭЛДИК ЛИДЕРЛЕРДИН ПАРЛАМЕНТКЕ КЕЛИШИНЕ КАЧАН ЖЕТИШЕБИЗ?

408

Биз тилекке жараша, парламентаризмге артыкчылык берген өлкөдө жашап жатабыз. Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн, албетте, бул жолдон тайбай, алдыны көздөй туура кадамдар менен баруубуз маанилүү. Парламентаризм институту кыргыз элинин ички жандүйнөсү, көз карашы, түпкү мүдөөсү менен да үндөшөт. Ата-бабаларыбыз ар түрдүү көйгөй маселелерди чечүүдө элди чакырып, жыйын куруп, талылуу маселелерди ортого коюп чечип келишкени тээ абалтан белгилүү. Андыктан Жогорку Кеңештин сапаттык курамына жетишүү – баардык калайыкты, демек, ар бирибизди ойлонткон, түйшөлткөн, калчаган “көкөй кести” маселелерден болуп саналат. Бийликтин жогорку органдарына депутат шайлоонун мыйзамын өзгөртүү, өркүндөтүү боюнча учурда ар түркүн ой-пикирлер айтылып, долбоорлор сунушталып, ортого салынууда.   

Эл үчүн күйгөн чыныгы лидерлердин Жогорку Кеңешке келүүсүнө кантип жетишүүгө болот? Биздин оюбузча, шайлоочу добушун тигил же бул партияга бербестен, партиянын тизме барагындагы тандаган инсанын гана белгилесе. Бул үчүн шайлоо өнөктүгүнө аттанган жана жеңип чыгуу максатын көздөгөн партия (ар бир партиянын шайлоо платформасынын өзөгүн мына ушул максат түзөрү бештен белгилүү) жандалбас уруп, тизмесине лидерлерди камтуунун иш-аракеттерин көрөт. Партиялардын өз ара атаандашуусу туура, бирок, шайлоочулардын партияларды тандоо принцибин (механизмин) түп-тамырынан  өзгөртүү зарыл. Мындайча айтканда, партиянын тизмесиндеги өзү тандаган талапкерине добуш берүүсү максатка ылайыктуу. Бул учурда басымдуу көп добушка ээ болгон талапкерлердин хит-парады аныкталат да, ошол көрсөткүчкө карата партиялардын рейтинги, башкача айтканда, босого баллы чыгарылып, тигил же бул партиянын парламентте отуруу мандатынын саны белгилүү болмок. Мына ушул шайлоо механизми практикалык колдонуу тапкан кезде, партия лидери тизмеге киргизген талапкердин шайлоо фондуна кошкон “акчалай салымына” карай депутаттык мандатты бөлүштүрбөстөн (“партиянын чечими” деген шылтоого, чүмбөткө жамынбастан), хит-параддагы чыныгы көрсөткүчтөр боюнча депутаттык мандат ыйгарылмак.  

Шайлоо өнөктүгүндө партиянын тизмесиндеги персоналдуу тандоого өтмөйүнчө, тилекке каршы, парламенттик курам мурдагыдай калуусунун ыктымалдуулугу чоң. Бул абал өлкөнүн келечегине сөзсүз терс кедергисин тийгизбей койбойт

“Мамлекеттин стратегиялык, приоритеттүү багыты – бул адам фактору, адам ресурсу” делип, жогорку трибуналарда аткаминерлерибиз байма-бай жар салып келишет. Ал эми ишке ашыруу жагдайына келгенде кайра эле абстракттуу ой жоруулардын туткунунан чыга албай келүүдөбүз. Жеке инсан – бул конкреттүү түшүнүк, а партия болсо инсанга салыштырмалуу кыйла жалпы, абстракттуу категория. Биздин оюбузча, партиянын ээлеген ордун ошол партиянын тизмесиндеги инсандардын шайлануусунун жыйынтыгында ээ болгон добушунун саны боюнча аныктоо орундуу жана реалдуу. 

Ошентип, партиялык тизме боюнча шайлоочулардын талапкерлерди тандоосу  аркылуу партиянын босого баллын аныктоо ыкмасы, адам ресурсуна таянуунун принциптерине ылайык келмек жана бул бийликтин маанилүү бутагы катары күчтүү парламенттик курамды аныктоонун ачкычы болуп калуусуна зор үмүт артабыз.

Мисирали Колдошев, Ош шаары 

“Азия Ньюс” гезити