Четтен келген кыргызстандыктар үч күн карантинде болушат

30

Чет өлкөдөн келген кыргызстандыктарга карата карантиндик чаралардын шарты өзгөрдү. Бул тууралуу Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жайылтпоо үчүн четтен келген жарандарды үч күнгө обсервацияга жаткыруу чечими кабыл алынды. Алар СOVID-19 вирусуна текшерүүдөн таза чыкса гана үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт.

Буга чейин Кыргызстанга келген жарандар дароо үй шартындагы карантинге жөнөтүлүп жаткан.