УКМК коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адамды кармады

169

Социалдык тармактар аркылуу коронавирус жуктургандар Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканадан качып, дарыгерлер жумуштарын таштап жатат деген айыңдарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, кармалган 38 жаштагы К. Ш. кылган аракеттерине өкүнүп, элден кечирим сураган.

“Анын аракеттерине юридикалык баа берилет”, – деп билдирет УКМК.

УКМК, жалган маалыматты тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Буга чейин Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб социалдык тармактарда тарап жаткан билдирүүлөрдү четке каккан болчу.

Учурда өлкө аймагында 14 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын сегизи Сузак районунун, үчөө Ноокат, бирөө Баткен районунун тургундары. Дагы экөө Бишкекте обсервациялык борбордо жатат. 14 бейтаптын бирөө Францияда болгон, калганы Сауд Арабиясына умрага барып келишкен.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында 22-марттан баштап өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул режим бир айга созулат.

Учурда коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 2364 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.