Казакстанда дагы үч кишиден коронавирус табылды

119

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда дагы эки, Алматы шаарында бир кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-мартта билдирди. Натыйжада өлкөдө COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 57 адамга жетти. Алардын 31и Нур-Султанда, 23и Алматыда, экөө Караганда шаарында, бирөө Алматы облусунда аныкталды.

22-марттан тарта жүргүнчү ташыган казакстандык авиакомпаниялар Нур-Султан жана Алматы шаарларына каттамдарын токтотту. Бирок эл аралык каттамдар жана жүк ташыган учактардын каттамдары үзгүлтүккө учурабайт. Жекшембиден тарта Алматы менен темир жол байланышы да убактылуу токтотулууда.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын саны 300 миңден ашты. Вакцинасы табыла элек бул илдеттен 13 миңге чукул киши каза тапты. 92 миңдей адам илдеттен айыгып чыгышты.