Иранда коронавирустан 1685 киши каза тапты

116

Иранда соңку бир сутка ичинде 129 адам COVID-19 вирусунан көз жумду. Натыйжада коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1685 кишиге жетти. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-мартта билдиргендей, өлкөдө баш-аягы 21600дөн ашуун адам илдетке чалдыкты.

Коронавирустан улам Иранда Нооруз жылдагыдай майрамдалбай калды. Бийлик жарандарды Ирандагы жыл ичиндеги эң негизги майрамдардын бирин үйдөн белгилөөгө чакырган.

Иран вакцинасы табыла элек COVID-19 вирусунан катуу жабыркаган алты мамлекеттин бири. Жекшемби күнү өлкөнүн руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи Кошмо Штаттардын вируска каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү сунушун четке какты.