Жеке ишкер Бакасов Нарын облусуна 9 Тез жардам унаасын белекке берди

400

Жеке ишкер Бакасов Улан кечээ күнү өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан Нарын облусуна 9 жаӊы Тез жардам унаасын белекке берди. Ал баалуу белектер төмөндөгүдөй бөлүнгөн: Нарын шаарына 2, Нарын районуна 2. Калган: Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Ак-Талаа райондоруна бирден. Бакасов Улан буга чейин да көптөгөн кайрымдуулук иштерин эч кимге жар салбай эле эл үчүн Кудай үчүн деп эле жасап келген.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда короновирус илдети катталгандан тартып байлар, жеке ишкерлер жана мамлекеттик чиновниктер мамлекетке жардам көрсөтө башташты.

Сөз жок, Бакасовдун мындай жардамы эл үчүн эӊ чоӊ жардам болуп эсептелет. Кыргызстанда байлар аз эмес, абдан көп. Эми ошолор мындай оор учурда Бакасовго окшогон таза, мекенчил адамдардан үлгү алып, битиребей, элге жардам бериши зарыл.

Элдин башына түшүп турган бул оор сыноону: ынтымак жана сабыр, темирдей тартип менен жеӊебиз. Ал эми Улан мырзага окшогон кыргыздын кыйын чыкма уулдары, кыздары ушундай кыйын кезеӊде мамлекеттке түрткү болуп турушсун. Ар кимибиз колубуздан келген жардамды көрсөтөлү, урматтуу замандаш!

Булак:Багыт.кж