Акматова: “Коронавирусту жуктургандар менен байланышта болгондордун көбү Ош менен Жалал-Абадда”

106

Коронавирусту жуктургандар менен байланышта болгондордун көбү Ош менен Жалал-Абад облустарында. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту жуктургандар менен 2 миң 628 адам байланышта болгон.

“COVID-2019 илдетин 14 адам жуктурган. Алар Баткен облусунда 1 адам, Сузак районунда 8 адам, Ноокат районунда 3 адам жана Бишкек шаарында 2 адам. Бейтаптар 25 жаштан 80 жашка чейинкилер”, – дейт ал.