Өзгөчө кырдаал учурунда азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар ишин токтотпойт – штаб

113

Өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда бардык супермаркеттер, азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар көнүмүш тартипте иштейт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кафе-ресторандар тамактарды алып чыгуу жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтөт.

“Тынчтыкты сактоого жана дүрбөлөӊ салбоого чакырабыз. Кырдаал көзөмөлдөнүп жатат”, – деп билдиришти штабдан.