Төрөбаевдин саясий дымагы өчүп, ындыны куруп турабы?

402

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин бар же жок экени билинбей калды. Эртелеп саясий “критке” кетти көрүнөт. Бул да болсо мурдунун учунан алысты көрө албаган, саясатты түшүнбөгөн мажүрөөлүктүн белгиси. Анткени Бакыт мырза өз күчү, акыл көрөңгөсү аркылуу эмес, байлыктын күчү менен саясатка аралашкандыктан, дарамети чектелүү экенин көрсөтүп койду. «Эптеп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү» дегендей, акчанын күчүнө салып Жогорку Кеңешке алып келген партиясы мындан ары ашуу аша албай тургандай көтөрүм абалда. Мындан улам, арабөк абалда калган Бакыт мырза келерки парламенттик шайлоодо кимдин этегин кармасам деп баш катырып жатабы? Башка жолу жок, туюкта турат. Эч ким ишеним артып кошпойт. Бийликке болсо кандай кошомат кылып, айла-амал көрсө да жакпайт. Жактырган учурда да кол жоолук катары пайдаланышы мүмкүн. Андыктан саясий дымагы өчүп, ындыны куруп турган маал. Образдуу айтканда, кубулма саястынан улам кулаган «нокауттан» тура элек. Турган күндө да кыйратпай калды…

ЧЫНДЫК