Грузияда өзгөчө абал киргизүү сунушталды

30

Грузиянын өкмөт башчысы Георгий Гахария коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында өлкөдө бир айга өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 21-мартта билдирди.

Гахария «бул маалда карантиндин эрежесин бузгандар катуу жазалана турганын» эскертти. Көп өтпөй өлкө президенти Саломе Зурабишвили бул боюнча документти парламенттин жактыруусуна жөнөттү. Эми депуттатар 24 сааттын ичинде чечим кабыл алышы зарыл.

Соңку бир суткада Грузияда коронавирус жугузуп алган төрт киши катталган. Ошону менен бул илдетке кабылгандардын саны элүүгө чамалады.

Ал эми Кыргызстанда өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.