Өмүрбекова: Ноокатта коронавирус жуккан үчөө тең аялдар

24
Алтынай Өмүрбекова.

Коронавирус илдетине чалдыккан ноокаттык тургундардын үчөө тең аялдар, алар жакында кичи ажылыкка барып келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Алтынбек Сулаймановдун жугуштуу илдет жаңы аныкталган үч кыргызстандыктын тек-жайы тууралуу суроосуна жооп берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди:
«Кувейттен Ошко учак менен келген. Үч айым эки айылдан экен. Азыр акимдин буйругу менен Ноокатта өзгөчө абал киргизилди. Бардык чаралар көрүлүп жатат. Ал жарандар умрага барып, эки рейс менен келишкен».
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар 67, 71 жана 77 жашта.
20-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жаңы табылган ноокаттык үч тургун учурда толук текшерүүдөн өтүп жатканын кабарлады. Ал буга чейин аныкталган сузактык үч адам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда көрсөтүлгөндөй шартта дарыланып жатышканын билдирди.
Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.
18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды.